- Марлен Абдрахманович, шаардык кеңештин кайра шайлоосу адилеттүү өттүбү?

- Бишкекте мурдагыга караганда жакшыраак өттү. Бирок эки партия тарабынан  мыйзам бузуулар катталды. Аларды сөзсүз шайлоодон четтетиш керек. Тилекке каршы, БШКда алардын колдоочусу чоң экен. Адрестүү эле күрөш болуп жатат. Өздөрүнүкүнө  көңүл бурбай жатышат.  Ошто да такыр эле шайлоо оңолбой койду. Ал жерде да партиялардын жетекчилеринин Борбордук шайлоо комиссиясында колдоочусу чоң экен. Куда болуп жатса, анан кантип аларды шайлоодон четтетмек эле. БШКнын мүчөлөрү жаңы шайланса да, айрымдарын  артка кайтарылып алышыбыз керек. Антпесек Жогорку Кеңештин шайлоосунан кийин чатак чыккыдай.

- Кайра болгон шайлоодон кандай сабак алдыныз? 

- Мен чоң эле сабак да, үлгү да алдым, бир топ такшалдым. Партияны жетектөө оңой эмес экенин жон терим менен сездим. 

- Неге Ош шаарындагы шайлоодон баш тарттыңыз?

- Ошондой чечим алууга аргасыз болдук. Түрдүү провокациялар уюшулаарын билип, таза шайлоо өткөрөбү  деген убадам ишке ашпасына көзүм жетип, Ош шаарындагы шайлоого катышпоо чечимин кабыл алдык. Буюрса, Бишкекте ийгиликке жеттик. 

- Сизди Бишкек шаарынын мэри кызматынан көргүсү келгендер көп. Эгер чындап ошол кызмат берилип калса, иштеп кете аласызбы?

- Мен мамлекет үчүн элим үчүн кайсыл жерде пайда алып келе алсам, реформаларды жүргүзө алсам, иновациялык чечимдерди киргизе алсам, ишеним көрсөтүлсө, берилген кызматты аркалап, чын дилимден  иштеп берүүгө аракет кылам.