- "Кой!" - десе, укпасак!  "Жебе!"- десе, жесек!  "Тийбе!" - десе, тытмаласак!  Анан эми, катуу айтса, жалакайланып эле жатып калдык! “Өлдүк эле, өлдүк” деп!  Сооп болот! 

Бизге окшогон ээн баш, оң айтса тетири басып, эртең барып аңга секиргени жаткан элди бирден кармап эле, чыбык менен шыйракка чыпылдата чапса! 

"Сөз эркиндигим өлдү!" деп тим эле!  Окшошсо, окшошпосо да обу жоктонуп сүйлөп  эле жатасынар го!  Сөз эркиндиги өлбөй эле, ашынып кетти!  Маа демектен тизип туруп атып салсын!  Ташиевдикин туура дейт элем!  Анткени, бизге азыр силерге окшогон чыр баш, туңгуюкка жетелеген жүз киши эмес, балдарыбыздын коопсуздугу, мекенибиздин эркиндиги, өлкөбүздүн эртеңкиси, КЕЛЕЧЕК маанилүү болуп турат!