Мурдагы президент Атамбаев үчүн төшүн дзотко тосууга даяр жаш саясатчы Темирлан Султанбеков деген бар. Сөз жок, билимдүү-илимдүү, келечекте чоң саясатчы болчу потенциалы бар жигит. Башкаларга сын айтса, дайыма факт, аргументтер менен сүйлөгөндүгү, эч ким айта албаган ачуу чындыктарды коркпой, үркпөй айта алгандыгы менен эл оозуна алынууга жетишти десек болот. “Жылдыз оорусуна” чалдыкканбы, же популизмдик ага да жеткенби, ким билсин, акыркы учурларда калпты чындай койгулап, маалыматтарды бурмалаганга өтө баштаган учурларына күбө боло баштадык.

Дегенибиз, аз күн мурда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, анда көп маалыматтарды айткан. Анда бул тууралуу таптакыр сөз болбогонуна карабай, “УКМК жарандарды кыргыздар жана кыргыз эместер деп бөлүп жатат” дегенди айтып жүрөт. Бирок Султанбековдун минтип айтканына Ташиевдин кайсы сөзү себеп болгондугун биле албай башыбыз маң. Анткени, УКМК төрагасы жарандарды кыргыздар жана кыргыз эместер деп бөлүп жатат деп эсептегидей эч кандай сөз айткан эмес. К. Ташиев Орхан Инанды боюнча сөз кылып, анда Инанды  Түркиянын жараны да  болгонун, ошон үчүн Түркия бийлиги аны жоопкерчиликке тартып атканын, жоопкерчиликке тартууда кыргыз жарандарын Түркия жараны Орхан Инанды менен салыштыруу туура эмес болорун гана айткан. Бул жерде жарандарды бөлүп кароо жөнүндө сөз да жок. Фактыны констатациялап койгону гана болбосо, жарандарды улуттарына карап бөлүү боюнча эч нерсе айтпаган.

Көрүнүп тургандай, Т. Султанбеков К. Ташиевди сынга алууга омоктуу аргумент таппай, анын айтканын бурмалап, “боло берет, эл мага ишене берет” деген тейде балп эттиргенин түшүнүү кыйын эмес. Бирок калпты чындай бурмалоо, жалганды айтып элдин башын айландыруу,  популисттик жүрүштөрдү жасоо дымагы күчтүү жаш саясатчыга эч кандай упай алып келбей турганын, өзүнө болгон ишенимди гана жоготорун эсинен чыгарбаса. Анча айткандан кийин биротоло аргументтештирип берсе ашыкча болмок эмес. Кайсыл айтканы үчүн жарандарды кыргыздар жана кыргыз эместер деп бөлдү деген жыйынтыкка келип олтурат?