Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 390

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аз күн мурда маалымат жыйынын өткөргөндө мамлекет башчысына жана башка чоң кызматтарда тургандарга жалаа жаап, мазактагандарга, эл арасына жалган маалыматтарды таркатып, радикалдык аракеттерге, өңкөрүш-төңкөрүштөргө чакыргандарга карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн айтты. Бирок айрымдар ушуну эле күтүп жатышкандай Ташиевдин айткандарын башка өңүттөн, тагыраагы, сөз эркиндигине, демократияга каршы басым-кысым, оппозициядагыларды Ормон опуза менен коркутуп-үркүтүү катары көрсөткөнгө катуу аракеттерди кылышты. Алардын бирлери Ташиевдин айтканын чындап эле башкача  түшүнүп, ошондон улам нааразы болуп жатышса, экинчилери УКМКнын башчысынын айткан, дегендерин атайылап өздөрүнө ылайыктуу маани-мазмунда бурмалап, күчөтүп, Ташиевди социалдык тармактарда жогорку бийликке сын айткандардын баарын четинен камакка алууга батынган «монстр» катары көрсөтүүгө үлгүрүштү. Бирок К. Ташиев   демократияны жана сөз эркиндигин чектөө жөнүндө бир нерсе айттыбы? Анын айткандарына кунт коюп угуп көрсөк, ал социалдык тармактарда чуу салгыдай эч нерсе айткан эместигине күбө болосуң. Ал өзүнүн кызматтык милдетине ылайык,  тышкы, ички потенциалдуу коркунучтар жөнүндө айтып келип, жалган маалыматтарды таркатып, элди экстремисттик аракеттерге, андан да жаманы төңкөрүшкө чакырып жаткандар  эртели-кеч мыйзам чегинде жооп беришерин гана эскертти. Анда эмнеге  айрымдар Камчыбек Ташиевди сөз эркиндигине, демократияга каршы адамдай  көрсөтүп жатышат?

Жалган жалаа, мазактоо, негизсиз ушактарды таркатуу,  элди  экстремизмге, өңкөрүш-төңкөрүштөргө чакыруу  сыяктуу көрүнүштөрдүн сөз эркиндигине, демократияга эч кандай тиешеси жок. Бир адамдын демократиясы, эркиндиги эч качан башкалардын эркиндиктерине, демократиялык укуктарына доо кетирбеши керек. Эгерде бирөө-жарым азыр сөз эркиндиги, демократия жөнүндө жер сабап жаткандардын  бирин мазактап, жалааларды, ушактарды таркатса, ал ошонун эртеси эле ок тийген аюудай айкырып чыгып, прокуратура, сотту көздөй жүгүрмөк. Анда эмне үчүн башкалар анын мазактап, жалаа жапкандарына, деструктивдүү чакырыктарына көңүл бурбашы керек?

Тилекке каршы, бизде айрымдар демократия, сөз эркиндиги дегендерди “мен гана оюма эмне келсе, ошону айта беришим керек, ага каршылар сөз эркиндигине, демократияга каршы” деп түшүнүшөт. Демократия, сөз эркиндиги, бул - эгерде курулай жалаа-мазактоолор болсо, айтылгандар, жазылгандар үчүн  жооп берүү да болуп саналат. Бийликтегилердин саясый, чарбалык, экономикалык  ж.б. иштерин сындашсын, сунуштарын айтышсын, бирок аларды баскынчы, бандит деп мазактаганга эч кимдин укугу жок!

Адамдын эркиндиги, укуктары кенен, бирок ал башкалардын укуктарына, эркиндиктерине доо кетиргидей абалга жеткенде сөзсүз чектелүүгө тийиш. Ар бир адамдын өзүнүн үйүн, мүлкүн  жана жакындарын гана эмес, бедел-аброюн да коргогонго укугу бар. Жөнөкөй эле мисал келтирели. Эгерде бирге иштешкен же компактуу бир жерде жашаган бир адам экинчи адамды  башкалардын көзүнчө ачыктан ачык шылдыңдап, маскаларалап, аброй-беделение доо кетире турган сөздөрдү айтса, же жалган ушактарды таркатса, сот аркылуу өз бедел-аброюн коргогонго укугу бар. Андай фактылар көп эле кездешет. Бирок, интернет, социалдык тармактар аркылуу бирөөлөрдүн аброй-беделдерине түгүл, мамлекеттин, элдин коопсуздугуна, улуттар аралык мамилелерге  коркунуч, доо кетире турган жалган маалыматтарды таркатып, деструктивдүү мүнөздөгү чакырыктарды жасап  жаткандардын материалдарына, жазгандарына  эмне үчүн мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, алардын жопкерчиликтери каралбашы керек? Бирөөлөр жөнүндө жалган маалыматтарды таркатуунун, реалдуу окуяларды бурмалап, башкача кылып көрсөткөндүн сөз эркиндигине, адам укуктарына кандай тиешеси бар?

Жалганчылык, ушакчылык, негизсиз жалаа жабуучулук, кутумдук байыртан  эле адамзаты үчүн чыккынчылык жана  уурулуктай эле аябагандай оор күнөөлөрдүн бири катары каралып келген. Эмне үчүн азыр маалыматтык технологиялардын, социалдык тармактардын мүмкүнчүлүктөрүн   айрымдар бирөөлөрдөн өч алуу, же негизсиз жаманатты кылуу,  өздөрүнүн жекече эсеп-кысаптарын, антипатияларын чыгаруу үчүн пайдалануулары керек? Андай көрүнүштөр ачыктан ачык эле башкалардын бедел-абройлоруна гана эмес, укуктарына да доо кетирет.

Бул маселе дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө жөнгө салынган. Интернет айдыңында туура эмес, жалган, фактыга негизделбеген билдирүү, маалыматтарды таркатып, аны менен өлкөнүн, элдин коопсуздугуна, мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтире турган болсо, сөзсүз мыйзам чегинде жоопкерчилик каралат.  Социалдык тармактардагы жалган маалыматтардын негизиндеги чакырыктар, азгырыктар, элди бийликке каршы тукуруу аракеттери кылмыш катары эсептелет. Ал эми фейк аккаунттарга жамынып алып, кутум максатты көздөгөн интернет колдонуучуларга да катуу  чаралар көрүлөт.  Бул боюнча атайын мыйзамдар кабыл алынып, фейк аккаунттарды колдонгондордун аракеттери тескөөгө алынган. Бизде тилекке каршы, маалыматтарды манипуляциялоого жол бербөөгө багытталган мыйзам долбоору ЖК депутаттарынын колдоосун тапкан жок. Бирок бул мыйзам долбоору керек эмес экен дегенди билдирбейт. Эртеби, кечпи аталган мыйзам долбоору кабыл алынып, социалдык тармактардагы фейктердин иш-аракеттери жөнгө салынышы абзел. Бул бийлик башындагылардын, же саналуу топтордун эмес, коомдун, бүгүнкү мезгилдин талабы.

К.Ташиев маалымат жыйынында айткан иш-аракеттер буга дейре жүргүзүлүп келген, жүргүзүлө берет. Бул УКМКнын милдети. Болгону  УКМКны жетектегендер мурда ачык айтышчу эмес, бирок тымызындан мониторинг жүргүзүп, эсепке алып турушчу. Ташиев аны ачык айтты. Чындыгында элди төңкөрүшкө чакырып жаткандарды тактап, иликтебесе, анда андай атайын кызматтын кимге кереги бар? УКМК өлкөнүн сырткы коопсуздугу менен бирге ички коопсуздугун да камсыз кылууга, ал үчүн атайын иштерди алып барууга укуктуу жана милдеттүү. Ансыз коом хаоско айланып, алапайыбызды таппай калбайбызбы. Ал эми айтылгандарды адекваттуу, бурмалабай кабыл ала албай  жатканыбыз – бул  коомубуздун жоопкерчиликти сезбей,  дискредитацияланып баратканынан гана кабар берет...

Тынчтыкбек  Бешкемпиров