- Мамбет агай, УКМКнын жетекчисинин ээн ооздукту тыюу максатында айткан сөзүн ар ким ар кандай кабылдап, аны сөз эркиндигине кол салган адамдай да сүрөттөп жиберишти. Ал калпыстыкка жол берип алдыбы же анын сөзү бурмаланып кеттиби?

- "Сөз Кудайдын тили", касиет алып келе турган да -сөз, касиет качыра турган да -сөз! "Убагында айтылбаса сөз атасы өлөт"-деп айткан бабалар! Албетте, сөз жүйөөсү менен айтылышы керек. Тагыраагы, ээн ооздук түп тамыры менен тыйылышы керек. Ошондо гана биз Кыргыз болуп кала алабы. Камчыбек Ташиев ээн ооздукту тыюу максатында айтты. Анын сөзүн бурмалап,"элди сындырайын деп жатасың, сынбайбыз "-дешип чыккандар да болду. Бирок алардын максаты бештен белгилүү. Алар  мамлекетибизге хаос алып келишсе да бийликке жетүүнү көздөп  жатышат. Чынында мамлекетибизге туруктуулук керек. Ал үчүн  темирдей тартип болуш керек! Биздин мамлекет "общий дом" эмес! "Эл сынбайт, ээн ооздор сынат "!

- Эмнегедир акыркы мезгилде “Азаттык” радиосунан да шек санап, мамлекетке бүлүк салууну көздөп жаткандай сүрөттөгөндөр да бар. "Азаттык"  чын эле кооптуу болуп калдыбы?

- Мурун “жакшы көргөн балаңа шаар көргөзбө” дечү. Эми "Жакшы чыгар уулуңду "Азаттыкка" иштетпе "- деген лакап пайда боло баштады. Айтайын дегеним, Жанар Акаевдин хотторунан улам жүзүнүн "жылан жылтыры"бар ушул баланы “Азаттык” бекер тандап алган жок да. "Азаттыкта" иштеп жүрүп, Атамбаевдин ишенимине кирди.  Айтылуу Атамбаевди аттап-буттап өттү. Сөздү куюлуштуруп сүйлөп, эл уулу болгусу келди. "Ата -Мекенге" өттү. Эми дагы бир топко кол бала болуп, алардын тапшырмасын аткарып, көп учурда кыргыздын кызыкчылыгына каршы чыгып, батышчыларга ыктап жатат. 

- Батышчыл демекчи бейөкмөт уюмдардан ачыктыкты тактыкты талап кылган мыйзамга кол коюлду. Эми алар президентке асылып, ашыкча сындашпайбы?

- Мыйзам эң туура, элдин колдоосуна ээ болду! Душман баягы эле, "тобокел тоо ашырат" болуп, ыксыз дооматтарды коюп жатышат. Бирок президент чечкиндүү кадамга барып туура кылды.