Кимдер келди, ия?

 

Картинки по запросу Сапар Исаков правительство

 

Өткөн жумада Кыргызстан жаңы премьер-министрлүү болду. Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө ушул жылы 26 жыл толот. Ал эми өкмөтүбүздүн башына 28-премьер-министр келди. Колкаптай алмашкан өкмөт башчылыгына бул жолу 40 жаштагы Сапар Исаков дайындалды. Президент Атамбаевдин демилгеси менен Жогорку Кеңештин кароосуна коюлган жаш талапкер сынды да, мактоону да угуп атып, акыры көксөгөн орунуна жетти.

 

Буга чейин, бир канча убакыт мурда “Таза коом” долбоорун Сапар Исаков баштаганда эле, анын бул долбоор аркылуу премьер-министрликти мелжеп атканы айтылган. Имиш кептер чын чыгып, президенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан кызмат ордун бошоткон Сооронбай Жээнбековду алмаштырды.

 

Жаңы өкмөт 30 жаштан баштап 60 жашка чейинки 21 адамдан куралды. Өкмөт башчы 40 жашта болсо, Экономика министрлигине жетекчиликке 30 жаштагы Артем Новиков бекитилди. Бул курамдын эң аксакалы Маданият министри, 66 жаштагы Түгөлбай Казаков.

 

Жогорку Кеңеш премьер-министрди шайлоо үчүн кезексиз сессияга чогулду. Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун айтканына караганда, депутаттарды жыйынга чогултууга ашыкча деле убаракерчилик жаралбаптыр, баарына телефондоруна смс аркылуу чакырык ташташыптыр. Мыйзамга ылайыктап, спикер кезексиз жыйын боюнча токтом да кабыл албаптыр. “Тарыхта смс менен чогулган парламент деген ат менен калбайлы”, - деп депутат Шыкмаматов күйүндү. Депутат күйүкпөсө болчудай, ансыз деле бул парламенттин тарыхта калчу ысымдары толтура. Анын бири – парламентке элдин өкүлдөрү эмес, президенттин өкүлдөрү топтолгонун так ушул чакырылыштагы депутаттар даана аныктап беришкенсиди.   

 

“Шеф, оюн бузулду…”

 

Жыйын адегенде эле куйкум, курч сөздөрдү айтуудан тайманбаган аз сандагы депутаттардын нааразычылыгы менен башталды. Депутат Каныбек Иманалиев спикер Чыныбай Турсунбековго: “Сиз жыйынга бул маселени президенттин катынын негизинде алып чыктыңызбы, же буйругунунбу?”- деген суроо менен кайрылды. Спикер президенттен буйрук болгонун эскертти эле, депутат кебин андан ары улады: “Мыйзамга ылайык, бул маселени биринчи тийиштүү комитеттин кароосуна коелу. Болбосо, анекдоттогудай болуп, “шеф, оюн бузулду” деп калбайлы. Пленардык жыйынга эки саатка тыныгуу жарыялаңыз”.

 

Депутат Алмамбет Шыкмаматов дагы мыйзамды сактоо керектигин кайталап эскертти. А спикерге депутаттардын кеби чымын чакканчалык да тийбеди. Жогорку жактан берилген буйрукту аткаруу миссиясы турганда, мыйзамына баш оорутмак беле. “Президент буйрук бергенден кийин үч күндүн ичинде маселени кароого алып чыктым. Мыйзамды аткардым…”,- деди. Ал өкмөт башчысынын программасын тийиштүү комитеттин да кароосуна коюп, убакытты создуктурууга көңүлдөнбөй барып, акыры бир нече депутаттын талабына муюду. Ошентип, өкмөт башчылыкка талапкер Сапар Исаков жалпы депутаттардын “чабуулуна” чейин да, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин сынынан өтүп келди.

 

Депутатка жаккың  келсе – “сиздики туура” де...

 

Сапар Исаковдун программасы “Жаңы доор - кырк кадам” деп аталды. Колундагы программа жазылган баракты эжелеп атып эптеп окуган ал депутаттардын суроолоруна да “такалып” койбоду. Эч болбогондо, кырдаалдан дипломаттыгына салып, “абдан жүйөлүү маселе көтөрдүңүз, аткараарда сиз менен кеңешебиз”,- деп депутаттын “таалылуу” жерин таап, чыгып атты.

Депутат Кожобек Рыспаев Сапар Исаковго милиция тармагы тууралуу суроо узатты. Ал тартип сакчыларынын иши оор, бирок, айлык акысы аз экенин эске салып, жаңы өкмөт бул багытта кандай иштерди алып бараарын сурады. Ага Исаков “Сиздин көтөргөн маселеңиз абдан туура маселе. Бул боюнча программабызда бар, аткарабыз”,- деди. Программасында милиция тармагы тууралуу кандай пландар бардыгын, айлык маянасын көтөрөбү, же ишин жеңилдетеби – так жооп болбоду. Кыскасы, “аткарат”.  

 

Депутат Карамат Орозова жаштардын сырткы миграциянын толкунуна кабылганын айтты. “Билимдүү жаштарыбыз сыртка мигрант болуп кетип атышат. Жаштардын билимин өлкө пайдаланышы үчүн эмне кылуу керек?”- дегендей мааниде суроо берген депутатка болочок өкмөт башчысынан абдан кызык жооп кайтарылды: “Сиз айткан көйгөй абдан чоң көйгөй. Муну системалуу чечебиз.  Карамат Бабашевна, келечекте бул маселе боюнча сизден консультация алып иштешебиз”.

 

Депутат Төрөбай Зулпукаров “Долбоорлоруңардын сметасы канча экен?”- дей салып,  “Сметаларды жаза албайбыз. Аны министрликтер жана жеке компаниялар иштеп чыккан улуттук долбоорлорго карата чыгарышат. Чыгаргандан кийин сиздин алдыңызга сөзсүз алып келип беребиз”,- деген жоопту угуп, компоюп отуруп калды.

 

Убакыт берсек эле, баарын аткарышат!

 

Депутат Кенжебек Бокоев айыл чарбасындагы көйгөйлөрдү көтөрүп, бирок, сунушталып аткан өкмөт курамынан айыл чарба жаатында иштеп келген адисти таба албай эси ооду. “Кесиби боюнча тармакты башкаргандар араңарда барбы, же баарыңар тепкичтен тепкичке көтөрүлүп отурбастан, түз эле Акүйгө келип калгансыңарбы?”,- деди. Ага да Исаков жоопту бачым тапты: “Бардык эле адамдар өз кесиби боюнча тармакты башкара беришпейт. Дүйнөдө такыр башка кесиптин ээлери башка тармакты өнүктүрүп салган мисалдар толтура. Бизге убакыт бериңиздер, биз баарын аткарабыз”,- деп кабагым-кашым дебеди.

 

Депутат Айтмамат Назаров Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу: “Кыргызстан качанкыга чейин карыз алат?”- деп сурады. А Исаков: “Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган тармактарга насыяларды ала беришибиз керек. Сиздер менен кеңешебиз, чечкенге аракет кылабыз, бир аз убакыт бериңиздер”,- деп депутаттын көңүлүн тынчтандырып койду.

 

Мугалимдердин айлык акысын билбеген “мугалимдер министри”

 

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева депутат Канатбек Исаевдин суроосуна катуу какалды. Исаев “жаңы иштеп баштаган мугалимдин айлык акысы канча?”,- деп суроо берээрде мунусу менен министр айымды ыңгайсыз абалга калтыраарын деле ойлобосо керек. Министр өз тармагынын адистеринин айлык маянасын уктап атып да айтып тургандай болушу керек эле да. А бирок, Сапар Исаковдун командасынын бир мүчөсү, билим берүү жаатын башкарган айым: “Сааттын көлөмүнө жараша…”- деп жооп берди. Депутаттын “Базалык ставкасы канча болот?” - деген суроосу министрди жарга такагандай болду. “Бир жумасына… мен азыр тактап айтайын, иш тажрыйбасы боюнча да өзүнчө төлөнөт”,- деп кобуранды эле, араң турган Исаевдин ачуусу кайнады: “Министр болуп туруп мугалимдердин айлык акысын билбейсиңерби?! Жаңы иштеп баштаган мугалимде кайдагы иш тажрыйба?!”. Жооп жок… Кудайбердиева барактарын барактамыш этип, “мен тактайын…”- деген боюнча тапталып отуруп калды.

 

Исаковдон эмес, Кудайдан сурагыла

 

Депутаттар Дастан Бекешев, Канатбек Исаев жана Аида Саляновалар Кыргызстандагы ГЭСтерди курууну колуна алмай болгон  Liglass Trading  чех компаниясынын ишмердүүлүгүнө кызыгышты. Дастан Бекешев “бул компанияга ишенип алып, элге дагы уят болуп калбайбызбы?”- дегендей кылды эле, Сапар Исаков ачык эле айтты. “Мен Кудай эмесмин, мындан акча келеби, жокпу айта албайм. Эгер акча келбесе, анда келишим бузулат. Мындан Кыргызстанга эч кандай зыян жок”,- деди.

 

Депутат Аида Салянова аталган компания өз өлкөсүндө аты-жыты билинбеген, эч убакта ГЭС куруп көрбөгөн, аферист компания экенин билдирди. Эрежеге ылайык келбеген компанияга ишеним арткан адамдар жашы өкмөт курамында болпоюп отурушканын да белгиледи. А жаңы курам бул билдирүүгө былк эткен да жок.

 

Кулакка шыбыраган сөз жугумдуу болот

 

Жыйында Сапар Исаковдун эң көп колдонгон сөзү: “Мен бул тууралуу өзүңүзгө маалымат берейинчи” болду. Бир катар депутаттарга ар кайсы маселелер боюнча кат жүзүндө жооп бермей болуп макулдашты. Ал арада депутаттардын бири болочок премьер-министрдин өткөнүн эске салып, ага 2008-жылы “мамлекеттик купуя сырды ачуу” деген айыптын негизинде, иликтөө иштери жүргөнүн айтты. “Чынбы, же чын эмеспи?”- деп депутат суроону кабыргасынан койду. Ал эми Сапар Исаковдун жообу төмөнкүдөй болду: “Бул маселе боюнча… ал мындай болгон да… азыр айтып койсом купуялыгы ачылып калат… Тиешелүү иштер жүргүзүлгөн… бирок… анын… кантип айтсам… себебин жана жыйынтыгын сизге эле айтып берейинчи”.

 

Бетке айтыш оор, а  мамлекеттин тагдыры оңой чечилет

 

Депутат Мыктыбек Абдылдаев Сапар Исаковдун маалымат каражаттарынын бирине берген маегин сууруп чыкты. Анда, депутаттын окуп бергенине караганда Исаков президенттикке кайсы бир талапкер тууралуу пикирин мындайча билдириптир: “Каралоонун артында президенттикке талапкер болгон бир адам турат. Ал баарын акча чечет деп ойлойт”.

“Бул кайсы талапкер? Айтып койбойсузбу, болбосо эртең так ошону шайлап албайлы?”, - деди Абдылдаев. “Аны убактысы келгенде айтам”,- деди болочок премьер-министр.

“Сиз деген мамлекеттин тагдырын чече турган адамсыз. Бир адамдын бетине айта албасаңыз, мамлекеттин тагдырын кантип коргойсуз?!”- деди анда депутат.

 

Шайлоо сөзсүз таза болот, куру дегенде КСДП үчүн…

 

Депутат Наталья Никитенко Исаковдун “таза шайлоо өткөрөбүз” деген сөзүнөн кармады.

 

“Сиз таза шайлоо өткөрөбүз деп кайталап атасыз? КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсүсүз, ушундай шартта кантип таза шайлоону камсыздай аласыз? Эгер, шайлоо таза өтпөй калса, жоопкерчилигин да аласызбы?”- деди.

“Мен бир нече жолу айттым, дагы да айтам – бизге ишеним көрсөтсөңүздөр шайлоону таза өткөрүүгө болгон аракетибизди көрөбүз”,- деди анда Исаков.

Кандай аракет, кантип камсыздайт?  КСДПнын мүчөлүгүнөн чыгып, бейтарап болобу, же өз партиясына айгак чыгып, мыйзамдын кулуна айланабы – анысын адаттагыдай эле тактаган жок.

 

ИИМдеги реформа – “көп кабаттуу” кызматкерлерге  үй куруу!..

 

Депутат Жанар Акаев ИИМдеги реформа качан ишке ашаарына  кызыкты. ИИМдин министри Улан Исраилов да Исаков менен Кудайбердиеванын жолун жолдоп, “бээ десе, төө демейге” өттү. “Реформа биринчи кезекте кызматкерлердин социалдык акыбалдары. Көп кабаттуу кызматкерлерибизге үй курулуп атат”, - деп балп эттирди министр. “Көп кабаттуу” кызматкерлерге курулган үй реформа болуп санааларын өмүрүндө биринчи жолу уккандар көп эле болду болуш керек…

 

Өлкө тагдыры чечилип атканда Шер-Нияз “Айтышын” армандады

 

Депутат Садык Шер-Нияз өкмөт башчы болом деген Исаковго өтө «олуттуу» суроо берди. Анын арманы – Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча өкмөт жыйынында «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» деген сынакты чыгарышыптыр да, анын авторун жазбай коюшуптур. Автору – «Айтыш» фонду, а бул фонддун башында Садык Шер –Нияздын өзү турат.

“Маданиятта да саясат жүрүп аткансыйт, маданиятчылар да өкмөткө жаккан, анан жакпаган болуп экиге бөлүнүштү. Маданиятты саясатташтырбагыла”,- деген Шер-Нияз “Айтыштын” жазылбай калганын өзүнүн өкмөткө жакпаган маданиятчы экенинен улам болгонун каңкуулады. Кантсин анан, ар ким өзүнө жакын арманды карманат эмеспи…

 

Премьерге жарыдык:  реформаторлук дух жок  

 

Депутат Каныбек Иманалиев жаңы өкмөт башчысынын анык оппонентине айланды. Ал Исаковдун программасы чийки жана реалдуу эместигин белгиледи: “Коопсуз шаар” боюнча күнөөкөрдү таппай туруп, “Таза коомду” кантип ишке ашырасыз? “Таза коом” кыял катары жакшы, а документ катары реалдуу эмес, анткени, каражаттык, кадрдык жана техникалык негизи жок. 2020-жылы мугалимдердин айлыгын эки эсеге көтөрөбүз деп атасыз, ага кошумча 13 миллиард сом керек экен, аны кайдан табасыз? Пенсия эки эсе көбөйөт дейсиз, пенсия фонду 50 миллиард сом, дагы 50 миллиардды кайдан аласыз? Авантюрадан алыс болуңуз. Иш жүзүндө реформатор болом деп атасыз, ошондой болушуңузду каалайм, бирок, сизде биринчиден, реформатордук план, экинчиден реформаторлук команда, а үчүнчүдөн реформаторлук дух да жок! Программадагы 40 кадамдын 20сы Кыргызстанды өнүктүрө турган эмес, мүдүрүлтө турган кадамдар. Антип кыйналып отурбастан, уялбай эле  мурдагы премьер-министрлер Жээнбеков, Сариев, Бабановдордун программасында улуттук негиздеги жакшы долбоорлор бар эле, ошолорду эле алып албаптырсыз да”,- деди депутат.

 

Трибунада депутаттардын бири калбай, алы жеткени, жетпегени да Сапар Исаковго сын айтымыш болуп, талылуу маселелерди көтөрүп чыккан көрүнүшкөнү менен добуш берүүгө келгенде болгону беш депутат гана “каршы” экендиктерин билдиришти. Алар – Каныбек Иманалиев, Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко, Аида Салянова жана Жанар Акаев. Төрт “ата-мекенчи” менен  Акаев. Калгандары калп эле кабак түйүп, сес көрсөтүмүш болушуп,  танаписте Исаковду айланчыкташып, далысынан тапташып, алдын ала премьерлик оруну менен куттуктап да жиберишти. Деги парламентте кимдин өкүлдөрү отурат?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити