Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 60

Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн биринде тогуз айлык бала ажатканага түшүп кетип, чарчап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кайгылуу окуя бүгүн, 12-июнда, Биринчи май районунун Түлөбердиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон.

Маалыматка караганда, үйдүн короосундагы ажатканага 2025-жылы туулган К.С.А. аттуу эркек бала түшүп кеткендиги тууралуу кабар 112 кыска номерине келип түшкөн.

“Окуя болгон жерге беш куткаруучу тартылып, ымыркайдын сөөгүн ажатканадан чыгарышкан”, — деп айтылат билдирүүдө.

Куткаруучулар баланын сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Булак: Sputnik.