Кылмышка катышкан башка адамдарды да аныктоо иштери жүрүп жатат.
Жалал-Абад облусунда жоокерди өзүнө кол салууга жеткирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Аскер прокуратурасы жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.
Аталган факт Кылмыш кодексинин 128-бересинин 1-бөлүгү («Өзүнө кол салууга жеткирүү») менен катталган. Шектүү катары 2006-жылы туулган М.М. аттуу аскер кармалып, Манас шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Аскер прокуратурасы керектүү экспертизалар жүргүзүлүп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин жооптуу кызматкерлерине чара көрүлөрүн билдирген. Кылмышка катышкан башка адамдарды да аныктоо иштери жүрүп жатат.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылындагы №10 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер 5-январда өз жанын кыйган.
18 жаштагы улан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Күзөт жана конвой департаментинин батальонунда кызмат өтөп жаткан.
Булак: govori.tv