Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 1737

Тоңдурулган балыктар жогору баа менен сатылып алынып, натыйжада мамлекетке 15,9 млн сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында мамлекеттик сатып алуулар багытында текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө, аталган мамлекеттик кызматтын жооптуу кызмат адамдары тарабынан түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондорду, камактагы айыпталуучуларды жана шектүүлөрдү балык менен камсыз кылуу максатында 2025-жыл ичинде жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алууларда тоңдурулган балыктар жогору баа менен сатылып алынып, натыйжада мамлекетке 15,9 млн сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: govori.tv