Печать
Категория: Укук-тартип
Просмотров: 1835

Ал буга чейин Бишкек шаарынын жол милициясында иштеп (азыркы Кайгуул милициясы), инспектор-инженер кызматын аркалаган.

23-декабрда Бишкек шаарында мурунку аялын өлтурүүгө шектелип 48 жаштагы адам кармалган. Болжол менен саат 21:00дө 47 жаштагы аял киши колдуу болду. Бишкек ШИИББ билдиргендей, окуяга чейин жубайлар расмий түрдө ажырашкан.

Милициянын маалыматына караганда, Б.У. аттуу шектүү келинди жумуштан кийин тосуп алып, күчтөп унаага салып белгисиз тарапка алып кеткен.

Маалым болгондой шектүү 1977-жылы туулган. Ал буга чейин Бишкек шаарынын жол милициясында иштеп (азыркы Кайгуул милициясы), инспектор-инженер кызматын аркалаган. Ага лейтенант аскердик наамы бар.
Шектүү спорт клубдарынын биринде машыктыруучу болуп иштеп, пауэрлифтинг менен машыккан жана «Мүмкүнчүлүгү чектелбеген дүйнө» паралимпиадалык кыймылынын федерациясы аттуу коомдук бирикменин жетекчиси жана тең негиздөөчүсү болгон. Маркум аял да ушул уюмдун тең негиздөөчүлөрүнүн бири экени айтылды.

2021-жылы ал саясий партиялардын биринин курамында Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан. Ал кезде расмий түрдө жумушсуз деп көрсөтүлгөн. Бирок партия шаардык кеңешке өткөн эмес.

Булак: govori.tv