Бул факт боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.
Буга чейин социалдык тармактарда ички иштер органдарынын эки кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыгынын видеосу тараган.
Бул факт боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.
ИИМдин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган кызматкерлер окуя болгон учурда мас абалында болгондугу аныкталган.
«Алардын бул жүрүм-туруму кызматтык тартипти жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу болуп саналат. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча милициянын капитаны С.у.К. менен милициянын капитаны М.У.ну ички иштер органдарынан бошотуу чечими кабыл алынды», — деп жазылат маалыматта.
Булак: govori.tv