Шектүүлөр Бишкек шаарыдык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

MyCollages_6of35lL.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкекте египеттик жарандарга бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрда М.Ж. жана С.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чет элдик жарандарга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Себеби, алар Рухий Мурас-1 конушунда денесине залал келтиришкен.

Аталган факты боюнча Октябрь РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан "Бейбаштык" беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, жабырланычууларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Андан кийин милиция кызматкерлери тарабынан 2005-жылы туулган М.С., 2006-жылы туулган С.А. аттуу жарандар кармалып, Бишкек шаарыдык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Булак: Кабар