Жыйынтыгында жаран Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Ат-Башы районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан алынган ыкчам маалыматтын негизинде рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө Босого жайлоосунда Ат-Башы айылынын тургуну Б.Ш. аттуу жаран тарабынан 2 тоо кийигинин (тоо теке) эттери мыйзамсыз олжологон фактысы аныкталды.
Жыйынтыгында жаран Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзам чегинде баа берүү иштери улантылууда.
Булак: govori.tv