Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
Тергөөнүн жүрүшүндө Ш.К.С. мыйзамда белгиленген тартипти бузганына карабастан, айрым кызмат адамдары менен кутумга барып, 55,36 гектар аянттагы жер участогунун максаттуу багытына өзгөртүү киргизүү менен жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт түзгөнү аныкталган.
2025-жылдын 20-ноябрында Ош шаардык соту Ш.К.С.ны КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
Учурда бул иш боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүрүп жатат.