Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 136

Индиянын Махараштра штатында “дельта плюс” атка конгон коронавирустун жаңы штаммына 20 адам чалдыкты.

Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

“Биз “дельта плюсту” Нави-Мумбаи, Палгаре жана Ратнагири шаарынан да таптык. Мындан кийин дагы анализдерди алдык, азыр анын жообун күтүп жатабыз”, - деп Медициналык билим берүү жана изилдөө башкармалыгынын башчысы Т.П.Лахан India TV телеканалына билдирген.

Ратнагири шаарында коронавирустун жаңы штаммына беш адам кабылган. Алардын экөөндө оорунун белгилери байкалган эмес.

Илдеттин жайылуусун токтотуу үчүн жергиликтүү бийлик штамм катталган райондорду жабып, обочолонуу зоналарды түздү.

Кабар