Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 944

Бишкек, "Саясат. kg". Мындан улам эгинди жок кылышы мүмкүн. 

Тажикстандын 83 миң 944 гектар эгин талаасын чегиртке каптаганын жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин маалыматына таянып, жергииликтүү басылмалар жазган.  

Анда айтылгандай, чегиртке эң көп Хатлон облусундагы эгиндерге коркунуч жаратууда. Учурда өкмөт 67 миң гектарга жакын аянтка чегирткеге каршы химиялык дарыларды чачкан.

Маалым болгондой, айыл чарба министри Сулайман Зиёзада бир ай мурун чегиртке каптоо коркунучун эскертип, дыйкандарды чара көрүүгө чакырган. Бирок ошого карабай чегиртке өлкө аймагын каптап, учурда бул жаатта Тажикстан коңшу мамлекеттер менен кызматташууга мажбур болууда.

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматында, чегирткелердин орточо тобу бир жыл ичинде эки жарым миң кишини бага турган эгинди жок кылышы мүмкүн.