Батьканын абалы кандай?

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко кокустан кѳз жумган учурда бийликтин кимге ѳтүп, андан ары бийлик алмашуу процесстери кандай жүрѳ тургандыгын белгилеген декретке кол койду.

Декретке ылайык, ѳлкѳ башчысы кол салуу, террордук акттын, сырткы агрессиялык күчтѳрдүн натыйжасында кѳз жумса, бардык аткаруу органдарынын ишмердиги Коопсуздук кеңешинин чечимдери менен жѳнгѳ салына баштайт. Коопсуздук кеңешинин жыйынына премьер-министр тѳрагалык кылат.

Ошону менен бирге ѳлкѳнүн аймагына ѳзгѳчѳ кырдаал киргизилип, Коопсуздук кеңешинин ар бир чечими кыйшаюусуз аткарылууга жатат. Мындай декрет ѳлкѳнүн суверендүүлүгүн, бүтүндүгүн камсыз кылуу максатында чыгарылганы маалымдалды.

Булак: “Майдан. kg” гезити