Мукормикоз — өтө сейрек кездешүүчү оору.
Индияда коронавирус менен ооруп бүткөн жана коронавирустан дарыланып жаткан адамдарда «кара көк дат» же мукормикоз оорусу козголду. Бул тууралуу Би-би-си басылмасы жазды.
Мукормикоз деген эмне?
Мукормикоз — өтө сейрек кездешүүчү оору. Жердеги, өсүмдүктөрдөгү, кыктагы жана чириген мөмө-жемиштердеги көк даттын (плесень) кесепетинен козголот.
Ал мурун көңдөйүн, мээни жана өпкөнү жабыркатып, кант диабети же курч мүнөздөгү иммунитеттин жетишсиздиги (рак же ВИЧ/СПИД) менен ооруган адамдар үчүн коркунучтуу болуп саналат.
Индиянын дарыгерлери коронавирус жуктуруп, өтө оор абалда жаткан бейтаптар эң керектүү стероиддерди ичкенде мукормикоз оорусу козголгон болушу мүмкүн экенин божомолдоп жатышат.
Стероиддер — коронавирус козгогон өпкөнүн сезгенүүсүн төмөндөтүп, иммунитет коронавирус менен ашыкча күрөшүп баштаганда пайда болуучу жаракаттарды алдын алууга жардам берет. Бирок стероиддер дагы иммунитетти төмөндөтүп, кандагы канттын көлөмүн көбөйтөт.
Дал ушул иммунитеттин төмөндөшү мукормиозду козгогон болушу мүмкүн деп саналууда.
Бүгүнкү күндө Индияда мукормиоз 100дөн ашуун адамдан аныкталганы айтылууда. Алардын баары Гужарат штатында катталган. Бир нече бейтаптын көзү көрбөй калган.
Булак: Баракелде