Ал Рахмон менен Путиндин жолугушуусу кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга чейин эле макулдашылганын айтты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Москва шаарына Жеңиш күнүнө арналган парадга келүүсү пландалган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда «ТАСС» басылмасына Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Анын айтымында, Владимир Путин 8-майда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугат.
«Ооба. Сүйлөшүүлөр Москва шаарында пландалган», - деди Песков.
Ал Рахмон менен Путиндин жолугушуусу кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга чейин эле макулдашылганын айтты.