АКШнын Конгрессинин төмөнкү палатасы АКШнын борбор калаасы Вашингтонго штат статусун берүү демилгесин колдоду.

Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы добуш берүүнүн жыйынтыгына шилтеме берүү менен билдирди.

Демократтар демилгелеген тиешелүү мыйзам долбоору АКШнын сенаты тарабынан жактырылып, андан кийин президент тарабынан кол коюлса, Вашингтон АКШнын 51-штатына айланып, расмий түрдө «Вашингтон, Дуглас шериктештиги» деп аталат. «Шериктештик» термини учурда расмий түрдө 4 штаттын аталышына кошулууда. Алар: Виргиния, Кентукки, Массачусетс жана Пенсильвания.

Вашингтондун статусун өзгөртүү сунушуна Конгресстин төмөнкү палатасынын 216 мүчөсү макул болгон. 208 мүчөсү каршы добуш беришкен. Эми мыйзам долбоору сенатка жөнөтүлдү.

Булак: Баракелде