Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 141

Кайрылууга Германиянын парламентинин 11 мүчөсү кол койгон. Алардын арасында «Жашылдар партиясы», Христиан-демократтар, Социал-демократиялык партиясынын өкүлдөрү бар.

Германиянын парламенти - Бундестагдын мүчөлөрү орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный «тикелей кыйноого алынып жатат» деп эсептейт. Немис депутаттары Европадагы Кыйноонун алдын-алуу комитетине саясатчынын абактагы кармоо шартын карап чыгууну талап кылышты. 10-апрелде жарыяланган катта Навальныйдын абактагы шартын катаал катары мүнөздөп, Европа Кеңешин абалды иликтөөгө чакырышты.

Кайрылууга Германиянын парламентинин 11 мүчөсү кол койгон. Алардын арасында «Жашылдар партиясы», Христиан-демократтар, Социал-демократиялык партиясынын өкүлдөрү бар.

Орусиянын Владимир облусундагы түрмөдө кармалып турган Алексей Навальный саламаттыгы начарлаганын үч жумадан бери билдирип келет. Абакта медициналык жардам көрсөтүлбөй, чет жактан дарыгер чакырууга да уруксат берилбей жатканын айткан Навальный 31-мартта ачкачылык жарыялаган. Азыркы абалына карабастан ал ачкачылыкты токтоткон жок. Анын адвокаттары колонияга которулгандан бери cаясатчы 13 килограммга арыктап кеткенин билдирип жатышат.

Абак жетекчилиги Навальныйдын абалын «канааттандырарлык» деп айтканы менен анализдердин жыйынтыгын жарыялабай келет.

44 жаштагы Алексей Навальный сегиз ай мурда «Новичок» менен ууландырылгандан кийин Берлинде эки жума комага түшүп, эсине келген. Узакка дарылангандан кийин Москвага кайтканда камакка алынып, 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: Азаттык