Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 428

Мына сага!

20 жылдан ашык убакыттан бери Россияны жетектеп келаткан Владимир Путиндин жакынкы жылдары бийликтен кетүү планы жок. Аны кезектеги Жарлыгы менен дагы бир ирет далилдеди.

Кремлдин кожоюну Владимир Путин жаңы Жарлыкка кол койду. Ал Жарлык ага кайрадан президенттикке талапкерлигин коюуга жол ачат. Жарлыктын негизинде буга чейин кабыл алынган шайлоолор боюнча мыйзамга ѳзгѳртүүлѳр киргизилет. Бул мыйзам президенттин мѳѳнѳтүнѳ чектѳѳ киргизип, бир адамдын экиден ашык ирет президенттикке талапкерлигин коюуга тыюу салат. Ошол эле мезгилде В.Путин үчүн мѳѳнѳт жаңыдан эсептеле баштайт.

Жарлык Путиндин дагы канча жыл бийликте отурарынан кабар бергенсийт. Эгерде Россияда келерки президенттик шайлоо 2024-жылы ѳтѳ турганын эске алсак, анда ага В.Путин 72 жаш курагында катышат экен. Эки мѳѳнѳткѳ шайлана турган болсо, анда 82 жашка дейре Россиянын эки тизгин, бир чылбырын колго кармап турушу толук ыктымал.

Булак: “Майдан. kg” гезити