Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 152

Англияда «каза болду» делген жигит ички органдарын алууга даярданып жатышканда тирилип, дарыгерлерди шок кылды.

Бул тууралуу англиялык «Зе Сан» («The Sun») басылмасы жазды.

13-мартта 18 жаштагы Льюис Робертсти унаа сүзүп кеткен. Өспүрүм башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ага тез арада операция жасалган.

Бирок 4 күндөн кийин дарыгерлер Льюистин мээси «өлгөнүн» жана анын өмүрүн сактоого мүмкүн эмес экенин айтышкан. Льюистин туугандары өспүрүмдүн ички органдарын муктаж болгон бейтаптарга берүүнү чечишкен.

Бирок операцияга чейин бир нече саат калганда Льюис дем алып баштаган. Дарыгерлер бул өлүмдөн кийинки белгилер деп ойлошкон. Бирок өспүрүм көзүн ачып, ымдап баштаган.

Льюистин жакындары жана дарыгерлер таң калышты. Алар өспүрүмдүн өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк жок деп ойлошкон.

Дарыгерлер жасалма дем алдыруучу аппаратты өчүрүшкөн жана Льюис өз алдынча дем алып баштаган. Учурда Льюис буту-колун жана башын кыймылдата алат.

Булак: Баракелде