Марттын башында да Казакстандын маалымат каражаттары күйүүчү май бир нече теңгеге кымбаттаганын кабарлашкан.

Казакстандын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттиги акыркы бир ай ичинде өлкөдө бензинге болгон баалардын өзгөрүшү боюнча маалыматын жарыялады.

Ага ылайык, Нур-Султанда марттын башында 150-151 теңгеден сатылып жаткан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 156-160 теңгеге чейин кымбаттаса, Алматы жана Чымкент шаарларында баалар 5-9 теңгеге жогорулап, 159 теңгеге жетти.

Бирок айдоочулар айрым май куюучу жайларда бензин бул баалардан кыйла кымбат сатылып жатканын билдиришүүдө.

30-мартта өлкөнүн Энергетика министрлиги мамлекет 2015-жылдан бери бензин баасын көзөмөлдөбөй калганын, бааны «базар аныктап жатканын» билдирди.

«Бүгүнкү күндө өлкөдөгү мунай базалары менен мунайды кайра иштетүүчү заводдордо 254 миң тонна бензин бар. Бул 25 суткалык суроо-талапты канааттандырууга жетет. Дизелдин 330 миң тоннага жакын запасы бар. Жалпысынан абал туруктуу, баалар суроо-талап менен сунушка жараша аныкталууда», — деди энергетика министринин орун басары Асет Магауов.

Марттын башында да Казакстандын маалымат каражаттары күйүүчү май бир нече теңгеге кымбаттаганын кабарлашкан.

Жергиликтүү эксперттердин пикиринде, эл аралык мунай базарындагы баалардын тез-тез өзгөрүүсү өлкө ичинде өндүрүлгөн күйүүчү майдын баасына түздөн-түз таасир этпейт. Айрым эксперттер бензиндин кымбатташын коңшу өлкөлөрдөгү баалардын жогорулашы менен байланыштырып жатышат.

Булак: Кабар