Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 137

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстанда полиомелит (цПВВП) илдети козголгонун жарыялады.

Полиомелит — инфекциялык оору, вирустар аркылуу жугат. Балдардын нерв системасын жабыркатып, шал оорусуна алып келет.
18-мартка карата Тажикстанда полиомелит жуктурган 4 баладан шал оорусу катталды. Ошондой эле алардын жакындарынан да полиомелит тастыкталды.

Тажикстанда шал оорусуна алып келген алгачкы учур 2020-жылы 22-ноябрда Хатлон облусунда катталган. Экинчи учур дагы Хатлон облусунда ушул жылы февраль айында аныкталган. Ал эми 8-мартта Гиссар шаарында дагы эки учур катталды.

Учурда полиомелиттин козголушун тыкыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Адистер ооруканаларды кыдырып, илдет жуктурган балдар менен байланышта болгон жарандар көзөмөлгө алынды.

8-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстанда чыккан полиомелит илдети тууралуу маалыматты карап чыгып, ал өлкөдө 2-даражадагы оордуктагы өзгөчө кырдаал режимин жарыялады.

Бул даражадагы өзгөчө кырдаал коңшу өлкөлөргө дагы тиешелүү, себеби ал өлкөлөр даярдык көрүп, ооруну алдын алуу, аныктоо жана полиомелит жуктурган балдарды дарылоого даяр турушу керек.

2019-жылы дүйнөдө полиомелит илдетин жуктурган адамдардын саны өсө баштаган. 2020-жылы бул илдет Афганистандын Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга жакын аймактарында аныкталган.

Булак: Баракелде