АКШнын президенти Жо Байден Россиянын президенти Владимир Путин менен жеке сүйлөшүүгө даярбы деген суроого жооп берген жок, деп жазат Би-Би-Си.

Байден Ак үйдө коронавирус темасында сөз сүйлөп бүткөндө журналисттердин бири Путиндин сүйлөшүү сунушун эске салып, «Байден буга макулбу?» деп сурады. Байден суроого жооп бербестен трибунадан кетти.

Бир күн мурун АКШ президенти америкалык телеканалга берген маегинде Путин Америкадагы шайлоого кийлигишүү аракеттери үчүн жооп бериши керек деп айткан.

Журналисттин «Путинди "киши өлтүргүч" деп эсептейсизби?» деген суроосуна Байден бир аз ойлонуп, «Ооба» деп жооп берген.

Путин өзү кечээ Байден менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

Булак: Баракелде