Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 124

Өзбекстандын Самарканд облусунун Пайарык районунда аял киши 2 өспүрүмдүн өмүрүн алды.

Себеби жаш балдар аялдын уурулук кылып жатканын көрүп калышкан. Бул тууралуу Samtur.uz басылмасы облустук прокуратуранын Телеграмдагы каналына шилтеме берүү менен билдирди.

14-мартта Пайарык районунун тургуну М.Т. (аял киши) укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, 2007 жана 2013-жылы туулган балдары дайынсыз жоголгонун билдирген.

Милиция кызматкерлери арыздануучу жашаган үйдүн жанындагы короодон дайынсыз жоголгон балдардын өрттөлгөн денесин табышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө 13-март күнү М.Т.нын үйүнө анын таанышы О.Т. уурулук кылуу үчүн киргени аныкталды. Ошол учурда үйдө эч ким жок болчу. О.Т. акча жана баалуу буюмдарды издеп жаткан.

Бирок М.Т.нын балдары мектептен келип калып, О.Т.ны кылмыш үстүнөн көрүп калышканы айтылууда.

О.Т. алдоо жолу менен балдарды өзү ашаган үйдүн короосуна алып барып, күрөк менен балдардын башына жана мойнуна урган. Балдар оор жаракаттардан улам каза болуп калышкан. О.Т. балдардын денесин тереңдиги 50 см болгон аңга таштап, өрттөп, андан кийин көмүп салган.

Учурда О.Т. камакка алынды. Анын үстүнөн адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: Баракелде