Мьянмада аскер кызматкерлери бийликти басып алышты

Мьянмадагы аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында өлкө башчысы Аун Сан Су Чжи камакка алынды. Аскер кызматкерлери 1 жылга өзгөчө абал режимин киргизишти.

«Reuters» басылмасы жазгандай, Нобель сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи «Демократия үчүн элдик лига» партиясынын башка лидерлери менен чогуу кармалды.

Аун Сан Су Чжи

Военный переворот в Мьянме - Солдаты арестовали президента и других  топ-чиновников, в стране объявлено ЧП на год - 112 Украина

Мьянманын өлкө жетекчиси 2020-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жасалмалоого айыпталууда.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Аун Сан Су Чжинин «Демократия үчүн элдик лига» партиясы шайлоочулардын 70 пайыз добушуна ээ болгон.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, интернет жана телефон байланышы иштебей жатат.

Булак: Баракелде