Өзбекстанда алгачкы жолу "британ штаммы" тастыкталды.
Коронавирустун жаңы түрү аныкталган Ташкент шаарынын тургуну (аял киши) туугандары менен бирге 23-январда Дубайдан учкан.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Баходир Юсупалиев билдирген маалымат боюнча, текшерүү иштери эл аралык аэропорттон жүргүзүлгөн. Вирустун белгилери байкалбаган бейтап дароо жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилген.
Булак: Баракелде