Дүйнө жүзүндө коронавирус менен катталган адамдардын саны 100 миллиондон ашты.
Бул тууралуу Жонс Жопкинс университетинин маалыматында айтылат.
Тактап айтканда бүгүн, 27-январдагы маалыматка ылайык, 192 өлкөдөгү 100 млн 221 миң 840 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 2 млн 155 миң 52 киши каза болгон.
Коронавирус жуктурган жана андан каза болгон жарандарынын саны боюнча АКШ 1-орунда турат.
Коронавирус жуктурган адамдар эң көп катталган 3 өлкө:
- АКШ — 25,4 млн адам;
- Индия — 10,6 млн адам;
- Бразилия — 8,9 млн адам.
Борбор Азиядагы абал:
- Коронавирус жуктурган адамдардын саны боюнча 1-орунда Казакстан турат — 181 миң;
- 2-орунда Кыргызстан турат — 84 миң;
- 3-орунда Өзбекстан турат — 78 миң;
- 4-орунда Тажикстан турат — 13 миң;
- Түркмөнстан расмий түрдө коронавирус менен ооруган адамдар жок экенин айтып келет.
Булак: Баракелде