БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасы боюнча директору Дэвид Бизли ушундай билдирүү таратты.

Анын бетин ары кылсын дейли. Бирок БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасы боюнча директору Дэвид Бизли ушундай билдирүү таратты.

Анын айтымында, бүгүнкү окуяларды эске алганда, келерки жыл катастрофалык болушу күтүлөт. Согуштук конфликттердин айынан акыркы 4 жылда ачкачылыкты баштан кечирип жаткандардын саны 80 млн.дон 135 млн.го жетти. Пандемиядан улам бул көрсөткүч 270 млн. адамга жеткен.

Кыйынчылыктарды жеңүүгө 19 трлн. доллар сарпталган. Мындай акча кийинки жылы болбой калышы мүмкүн. Анткени, экономикалык оорчулук орун алып, керектөөлөр эки эсеге көбөйдү. “Дүйнө эли гуманитардык кризистен зарыл каражаттарды чогултуу менен гана чыга алат. Негизги көңүл дестабилизацияга, ачкачылыкка жана миграцияга бурулушу керек”,- деп айтылат билдирүүдө.

Булак: “Майдан. kg” гезити