АКШнын Жогорку соту Трамптын Пенсильваниядагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу арызын четке какты
АКШнын Жогорку соту 8-декабрда шайланган президент Жо Байдендин Пенсильваниядагы жеңишин тааныбоо тууралуу арызды четке какты.
Жо Байдендин Пенсильваниядагы жеңишин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Республикачылар партиясынын өкүлдөрү Жогорку сотко кайрылышкан.
Соттун чечими президент Дональд Трамп жана анын командасынын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракетинде биротоло утулуш катары бааланууда.
Бул - Трамптын командасынын шайлоо жыйынтыгы боюнча ондогон доо арыздарынын эң жогорку инстанцияга чейин жеткен биринчи учуру.
Буга чейинки инстанциялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо тууралуу арыздарды канааттандырган эмес. АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн.
Булак: Азаттык