«Tut.by» порталы белгилегендей, президент буга чейин эл алдына бет капчан чыкчу эмес.
27-ноябрда Беларусь президенти Александр Лукашенко Минск шаарындагы 6-ооруканага барды. «Пул Первого» телеграм каналы Лукашенконун медициналык формачан жана коргоочу бет кап тагып алган сүрөтүн жарыялаган.
«Tut.by» порталы белгилегендей, президент буга чейин эл алдына бет капчан чыкчу эмес.
Июль айында Александр Лукашенко коронавирус менен ооруганын айткан. Украиналык журналист Дмитрий Гордон менен болгон маегинде ал доктурга баргандагы абалын жана кантип дарыланганын айтып берген.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 6-ооруканада Александр Лукашенкого дарылоо процессинин уюштурулушу жөнүндө маалымат берилгенин, ал ошондой эле медициналык мекеменин жумушчулары менен жолугушарын билдирди.
Булак: Баракелде