Германияда жалпы 1 миллион адамга коронавирус жукту

Германияда коронавирус жуктурган адамдардын саны 1 миллиондон ашты.

Жонс Хопкинс университетинин берген маалыматына ылайык, 27-ноябрга чейин Германияда 1 005 544 адамдан коронавирус аныкталып, 15 640 адам каза болгон.

Акыркы бир суткада Германияда 22 806 адамдан вирус аныкталса, 670 миң адам ооруканадан чыгарылды. Оорунун кесепетинен 426 бейтап көз жумду.

Дүйнө жүзү боюнча 60,8 миллион адамдан коронавирус аныкталган.

Булак: Баракелде