Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 124

Өзбекстанда COVID-19 тесттери эки эсеге кымбаттады

Өзбекстанда пандемия маалында жеке дарыканалар антивирустук препараттардын баасын кымбаттатып жиберишкен. Жеке клиникалар тест жүргүзүү кызматын дээрлик эки эсеге – 250дөн 400 миң сумга (24-38 доллар) көтөрүшкөн.

Быйыл май-июнь айларында Экономикалык иликтөөлөр жана реформалар борбору сурамжылоо жүргүзүп, ага 3 миң 670 киши катышкан. Респонденттер пандемия учурунда вируска каршы дары-дармектер өтө кымбаттап кеткенин билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандардын 74% кирешелери кыскарганына, 58% жумушсуз калганына даттанышкан.

Мындан тышкары пандемия маалында респонденттер башка да көйгөйлөргө туш болушканын белгилешкен.

Алардын арасында:

Сурамжылоого катышкандардын 25% жашоо шарты төмөндөгөнүнө даттанышкан. Ага карабай, респонденттердин 75% абал жакшы жагына өзөрүлөрүнө ишене турганын билдиришкен.

Булак: Кабар