Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 141

Америкадагы президенттик шайлоодо добуштарды эсептөө уланууда.

Штаттарда чыккан жыйынтык боюнча Байден 253 добуш алса, Трамп 214 добуш алды. Жеңиш үчүн 270 добуш керек.

Шайлоонун жыйынтыгын 4 штаттагы добуштардын саны өзгөртүп коюшу мүмкүн. Себеби талапкерлер Пенсильвандан 20, Жоржиядан 16, Невададан 6, Аризонадан 11 добуш алса болот. Эгер Байден Пенсильвандан көп добуш алса, жеңишке жетиши мүмкүн.

Жоржияда саноого 16 миң, ал эми Пенсильванда 250 миң добуш калды.

Трамптын Байденге жетүү мүмкүнчүлүгү барган сайын азайып жатат. Анкени экөөнүн ортосунда добуштардын саны боюнча 12 миң айырмачылык бар.

Ал эми Аризонада Трамп Байден экөөнүн арасындагы айырмачылыкты 10 миң добуштан 46 миң добушка чейин кыскарта алды. Бирок бул штаттын басма сөз каражаттары эки күн мурун эле жеңишти Байденге берип коюшкан.

Учурдагы президент журналистердин алдына чыгып сөз сүйлөдү. Бирок «ABC», «CBS» жана «MSNBC» телеканалдары түз эфирди Трамптын жалган сөздөрүнөн кийин токтотуп салышкан. Трамп өзүнүн жеңиши жана шайлоону адилетсиз өтүп жатканы тууралуу жар салган.

« Би-Би-Синин» кабарчысынын айтымында, Ак үйдө Трамптын маанайы жок экени байкалган. Ал жеңилишин моюнга албаса да, түшүнүп турат.

Булак: Баракелде