АКШ: Трамп жана Байден добуштар боюнча "талаштуу" штаттарды кадырып жатышат

АКШда президенттик шайлоого эки күн калганда азыркы президент Дональд Трамп жана анын демократ атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден чечүүчү роль ойношу ыктымал, бирок пикири олку-солку болуп турган штаттарды кыдыра башташты. Алар - Флорида, Түндүк Каролина, Аризона, Пенсильвания, Мичиган, Висконсин, Жоржия, Айова жана Миннесота.

Бул штаттардын дээрлик баарында төрт жыл мурдагы шайлоодо Трамп жеңген, быйыл, сурамжылоолорго караганда, Байден алдыда баратат. Бирок добуштар боюнча айырма анча чоң болбогондуктан Байден үчүн ишенимдүү деп айтуу мүмкүн эмес.

Жалпы өлкө боюнча сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, Байден Трамптан орточо эсеп менен жети процентке озуп баратат. Бирок жеңүүчүнү аныктоодо добуштардын көпчүлүгү эске алынбайт, себеби шайлоочулар коллегиясындагы добуш берүү чечүүчү деп эсептелет жана ал штаттардагы добуш берүүнүн жыйынтыгына жараша куралат. Президенттик шайлоо АКШда 3-ноябрда өтөт. 

Булак: Азаттык