Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 42 адамга жетти.

Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн кесепетинен 42 адам көз жумган. Алардын ичинен бир адам сууга чөгүп каза болсо, 886 адам жабыркаган. Алган жаракатынан улам ооруканада 229 адам дарыланып жатат.

Куткаруучулар жер титирөөнүн кесепетинен кулап калган 9 имараттын урандыларынын алдын текшерип жатышат.

Булак: Баракелде