«Лукашенко бүгүн жөн гана пенсияга кетти», - деди ал.
Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, республиканын Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.
23-сентябрда Минск шаарындагы Эгемендик ордосунда инаугурация салтанаты өтүп, Лукашенко расмий түрдө ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен. Бирок өлкөдө нааразычылык акциялары уланууда.
Инаугурациядан кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ шайлоонун жыйынтыгын таанышкан жок. Айрым европалык өлкөлөр Лукашенконун шашылыш жана «сырдуу» өткөн инаугурациясын сынга да алышты.
Ал эми Лукашенконун негизги оппоненти Светлана Тихоновская шайлоодо жеңгенин айтып келүүдө. Ал инаугурацияны мурдагы президенттик мөөнөттү расмий түрдө аяктады деп баалады.
«Лукашенко бүгүн жөн гана пенсияга кетти», - деди ал.
Ошол эле учурда айрым мамлекеттер Беларустагы шайлоону мыйзамдуу деп таанышты жана ал өлкөнүн башчылары Лукашенкону шайлоодон жеңип, кызматын аткарууга киришкенине байланыштуу куттукташты.
Беларустагы президенттик шайлоону Россия, Түркия, Кытай, Армения, Сирия, Вьетнам, Венесуэла, Никарагуа, Молдова тааныды.
Андан тышкары Түркмөнстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Азербайжандын президенттери Лукашенкону кайра президент болуп шайланышы менен куттукташкан.
Булак: Баракелде