Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 112

 Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 31 млн 32 миң 45 адамга жетти.

Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Илдетке АКШда 6,8 млн, Индияда 5,4 млн, Бразилияда 4,5 млн, Россияда 1 млн адам кабылган. Ал эми Казакстанда 107 миң 307 адам, Өзбекстанда 51 миң 789 киши коронавирус жуктурган.

Аталган оорудан дүйнөдө 960 миң 729 жаран көз жумган. Алардын ичинен АКШда 199,5 миң, Бразилияда 136,8 миң жана Индияда 87,8 миң адам кайтыш болгон.

Булак: Кабар