Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 128

 Бишкек, “Саясат.kg”. Түндүк-Антантикалык коргонуу альянсынын (НАТО) саммити ушул күндөрү Түркияда өтүүдө.

НАТОнун Анкарадагы саммитинин алдында Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштук аракеттер кайрадан күчөдү. Орусия Киевге жана Украинанын башка аймактарына ракета жана дрондор менен массалык сокку урду. Украинанын бийлиги бул чабуулдардын кесепетинен ондогон адамдар каза болуп, турак жайлар жана жарандык инфраструктура олуттуу зыян тартканын билдирди.

Ошол эле учурда Украина да Орусиянын аймагындагы буталарды бутага алууну улантууда. Украинанын маалыматына ылайык, учкучсуз учактар Омск шаарындагы мунай иштетүүчү заводго жана бир катар күйүүчү май инфраструктурасынын объектилерине сокку урду. Киев мындай аракеттердин негизги максаты – Орусиянын аскердик логистикасына жана мунай тармагына басым жасоо экенин белгиледи.

Аскердик серепчилердин айтымында, эки тарап тең НАТО саммитинин алдында өз позицияларын бекемдөөгө аракет кылууда.