Бишкек, “Саясат.kg”. Астрономдор үчүн бул күтүүсүз билдирүү чоң кызыгууну жаратууда.
Астрономдор космостон кайталанып келген өзгөчө радио билдирүүнү катташты. Бул сигнал FRB20250613A деп аталып, өтө алыскы кичинекей галактикадан келип жатканы аныкталды.
Окумуштуулар бул кубулуштун айланасында күчтүү магниттик жана плазмалык процесстер болуп жатканын айтышууда. Айрым адистер мындай сигнал нейтрон жылдызы же сейрек кездешүүчү космостук система менен байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептешет. Азыр дүйнөнүн бир нече обсерваториясы бул сырдуу сигналды изилдөөнү улантууда.