Бишкек, “Саясат.kg”. Дайынсыз жоголгондордун саны да өтө көп...
Венесуэлада болгон эки жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 3342 адамга жетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги бийликтин маалыматына таянып кабарлады. Дээрлик 16,5 миң адам жаракат алып, 17,3 миң венесуэлалык турак жайсыз калды.
24-июнда Венесуэлада күчү 7,2 жана 7,5 магнитудадагы эки жер титирөө катталып, андан кийин 700дөн ашуун афтершок болгон. Эң катуу жабыркаган аймак борбор шаарга жакын жайгашкан Ла-Гуайра шаары болду.
Ошондой эле Каракас шаарында, Миранда, Арагуа, Карабобо, Лара жана Яракуй штаттарында кыйроолор катталган. БУУнун маалыматына ылайык, 50 миң адам дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө.