Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 59

Түштүк Кореянын кызматтан четтетилген президенти Юн Сок Ёл жана мурдагы коргоо министри Ким Ён Хён дагы 30 жылга эркинен ажыратылды. 

Буга чейин мурдагы президент башка иштер боюнча өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Түштүк Кореянын кызматтан четтетилген президенти Юн Сок Ёл. 8-март, 2025-жыл.

Бул жолу сот аларды 2024-жылы Түндүк Корея менен чыңалууну күчөтүү максатында Пхеньяндын үстүнөн дрондорду учурууга байланыштуу күнөөлүү деп тапты.

Сеулдун Борбордук райондук соту экөө тең өлкөнүн душманына көмөк көрсөткөн жана кызматтык ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланган деген бүтүм чыгарды.

Соттун чечиминде Юн менен Ким Түндүк Кореяны Түштүк Кореяга каршы куралдуу аракеттерге же олуттуу чагымчыл кадамдарга түртүүгө аракет кылып, өлкө ичинде өзгөчө кырдаал жарыялоого негиз түзүүнү көздөгөнү айтылат.

Соттун пикиринде, мындай аракеттер Түштүк Кореянын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн ашкерелеп, келечектеги операцияларды жүргүзүү жөндөмүнө зыян келтирген жана Түндүк Кореяны коргонуу чараларын күчөтүүгө түрткөн.

Түндүк Корея 2024-жылдын октябрь айында Сеулду Пхеньяндын үстүнөн үч жолу дрон учуруп, үгүт баракчаларын таштаган деп айыптаган.

Ошол учурда коргоо министри болгон Ким Ён Хён бул маалыматты бүдөмүк түрдө четке каккан. Кийинчерээк Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги бул дооматтарды ырастай да, төгүндөй да албасын билдирген.

Окуядан кийин эки өлкөнүн ортосунда чыңалуу күчөгөнү менен аскердик кагылышууга алып келген эмес.

Юн Сок Ёлдун адвокаттары соттун акыркы чечимин сынга алышты. Алардын айтымында, дрондордун учурулушу 2024-жылы Түндүк Корея миңдеген таштанды салынган аба шарларын Түштүк Кореяга жөнөткөндөн кийинки жооп чарасы болгон.

Буга чейин ушул эле сот Юн Сок Ёлду 2024-жылдын декабрында аскердик абал киргизүүгө байланыштуу козголоң уюштурган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыраткан.

Аскердик абал болжол менен алты саатка гана созулган. Ошол маалда депутаттар аскерлер менен полициянын тосмосунан өтүп, Улуттук жыйынга кирүүгө жетишкен жана аскердик абалды жокко чыгаруу үчүн добуш беришкен.

Андан кийин өкмөт бул чечимди артка кайтарууга аргасыз болгон.

Көп өтпөй Юн Сок Ёл кызматынан убактылуу четтетилип, импичмент жарыяланып, кийин Конституциялык соттун чечими менен расмий түрдө президенттик кызматтан алынган.

Ал 2025-жылдын июль айында камакка алынган. Учурда ага байланыштуу бир нече кылмыш иши боюнча сот процесстери уланууда.

Козголоң уюштурган деген эң оор айып боюнча чыгарылган өкүмгө Юн Сок Ёл да, аны өлүм жазасына тартууну талап кылган прокуратура да даттануу арызын берген.

Булак: "Азаттык"