АКШнын айтымында, аткылоого аймактык суу жолдорунан америкалык жана эл аралык коммерциялык кемелерге келген кооптуулуктар себеп болгон.

Түндө АКШ Иранга кайрадан сокку уруп, Тегеран жооп кайтарганын РИА Новости жазды.

Агенттик Пентагондун Борбордук командачылыгына (CENTCOM) шилтеме берип, Ирандагы объектилерге жасалган чабуул аяктаганын билдирген.

"АКШнын борбордук командачылыгынын күчтөрү коргонуу жаатында Ирандагы бир топ бутага чабуул жасады", — деп Х социалдык тармагына жазышкан.

Алар негизинен Ирандын аймагындагы байланыш каражаттарына жана абадан кол салганда коргонгон системаларга чабуул жасаганын айтышкан. АКШнын айтымында, аткылоого аймактык суу жолдорунан америкалык жана эл аралык коммерциялык кемелерге келген кооптуулуктар себеп болгон.

Иран жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына, тагыраагы, 18 жерге сокку урганын Ислам революциясын коргоочулар корпусунан билдиришти. Чабуул ракета жана дрондор менен жасалган. Ирандык маалымат каражаттары муну аскердик операциянын биринчи баскычы деп аташты.

Алардын арасында Кувейттеги "Али ас-Салем" жана "Ахмад-аль-Жабер", Бахрейндеги "Шейх-Иса", Иорданиядагы "Муваффак Салти" авиабазалары бар экени айтылды.

Кувейт мындан улам аба мейкиндигин жаап, авиакаттамдар запастагы аба майдандарга жиберилүүдө.

Sputnik