Бишкек, "САЯСАТ.KG". Жергиликтүү бийлик болжол менен 700 тургун коопсуз жайларга эвакуацияланганын билдирди.

{{ item.title }}

Гонконгдогу 30 кабаттуу турак жай комплексинде чыккан өрт жети имаратка жайылып, каза тапкандардын саны 40тан ашып, дагы жүздөгөн киши дайынсыз экени кабарланды. Бул тууралуу калаанын өрт кызматы 26-ноябрда кечинде билдирди.

Жергиликтүү бийлик болжол менен 700 тургун коопсуз жайларга эвакуацияланганын билдирди. Турак жайды башкаруу мекемесинде иштеген үч киши кызматына кыянат мамиле жасаган деп шектелип, камакка алынды.

Өрт менен күрөшкө 100дөй өрт өчүрүүчү машине, 700дөй куткаруучу жана медкызматкер, 60тай «Тез жардам» автоунаасы тартылды.

Булак: govori.tv