Египеттен Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүү үчүн бүгүн ачылышы керек болгон коридор азырынча ачылбайт. Бул тууралуу CNN телеканалы бир нече булагына таянып кабарлады.
Булактардын айтымында, жардам туруктуу түрдө жеткирилип турушу үчүн Египеттеги буфердик аймактан "Рафак" өткөрмө бекетине чейинки жолду оңдоо сыяктуу "көптөгөн иштер аткарылышы керек".
Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Египет алгач гуманитардык жүк жүктөлгөн 20 фураны өткөрүүгө макул болгонун билдирген. Ошол эле маалда ал Газа сектору тараптагы жолдор оңдолушу керектигин айткан. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата жол оңдоо техникалары "Рафах" бекети аркылуу Газа тилкесине жөнөтүлдү.
Бүгүн эртең менен АКШнын гуманитардык жардамдар боюнча Жакынкы Чыгыштагы атайын чабарбаны Дэвид Сэттерфилд Газага гуманитардык жардам жеткирүү боюнча Израил менен дале сүйлөшүүлөрдү жүрүгүзүп жатканы кабарланган. CNN телеканалынын булагы билдиргендей, Израил Газага жеткириле турган жүктөрдү көзөмөлдөп, текшергиси келүүдө.
Мындан тышкары АКШ менен Израил гуманитардык жардамды Газа секторун көзөмөдөп турган ХАМАС радикал тобу жолдон токтотуп, өзүнө алып алышы мүмкүн деп кооптонууда.
Бүгүн "Рафах" өткөрмө бекетине БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш барат деп күтүлүүдө. Буга чейин уюм Газа секторунун тургундарына бериле турган жардамдын көлөмүн мурдагыдай күнүнө 100 фурага чейин жеткирүүгө чакырган. Кызыл жарым ай коомунун Түндүк Синайдагы бөлүмү учурда Египетте 200дөн ашык жүк унаасы Газа секторуна жөнөөгө даяр турганын билдирди.
CNN белгилегендей, америкалык аткаминелер коридор ишемби күнү ачылат деп үмүттөнүүдө.
ХАМАС радикал тобу Израилге 7-октябрда кол салган. Жооп катары Израил ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа секторуна соккуларды уруп, аймакка электр энергиясын, азык-түлүк жана суу берүүнү токтотуп, толук блокадага алганын жарыялаган. БУУ Израилдин бул чечимин, ошондой эле израил күчтөрүнүн соккуларын жана ХАМАСтын адамдарды туткунга алышын айыптаган.