Бишкек, "Саясат.kg". Продюсер Жавад Норузбеги да ушундай эле жаза алды.

Тегерандын соту 2022-жылы Канн кинофестивалында "Лейланын бир туугандары" тасмасын көрсөткөн режиссёр жана сценарист Саид Рустаини алты айга абакка кести. Бул тууралуу "Азаттыктын" иран кызматы (Фарда радиосу) билдирди.

Продюсер Жавад Норузбеги да ушундай эле жаза алды. Экөө тең "ислам түзүмүнө каршы оппозициянын пропагандасына көмөктөшүү" айыбы боюнча күнөөлүү деп табылды. Алар мөөнөтүнүн жыйырмадан бир бөлүгүн (тогуз суткага жакын) өкүм мыйзамдуу күчүнө кирер замат, калган мөөнөттү - беш жылдан кийин өтөшөт.

Бул убакыт аралыгында Рустами менен Норузбегиге кино тармагында иштөөгө жана анда иштеген адамдар менен сүйлөшүүгө тыюу салынат.

"Лейланын бир туугандары" режиссер Саид Рустаи тарткан үчүнчү толук метраждуу тасма. Ал 75-Канн кинофестивалынын башкы сынагында Эл аралык кинопресса федерациясынын сыйлыгына татыктуу болгон.

Иранда "Лейланын бир туугандары" тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынган. Бийлик муну режиссёр менен продюсер уруксатсыз тасманы эл аралык кинофестивалга жиберип, регламентти бузуп, ошондой эле Маданият министрлигинин талаптарына ылайык өзгөртүү киргизбегени менен түшүндүрүшкөн.