Бишкек, "Саясат.kg". Анын аталган банкта бир аз насыясы бар экени белгилүү болду.
Kaspi банктын Астана шаарындагы бөлүмдөрүнүн биринде куралчан адам барымтага алган банк кызматкерлери бошотулду. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлашты.
Өлкөнүн ички иштер министри Марат Ахметжанов кызматкерлерди барымтага алган адам "акча талап кылып", "жакындарына жардам берүүнү өтүнгөнүн" билдирди. Кээ бир ЖМКлардын маалыматына караганда, шектүү адам банктын активиндеги бардык каражатты майыптарга, колунда жок муктаждарга жана жетим-жесирлерге которууну талап кылган.
Айрым маалыматтарда шектүүнүн аты-жөнү Алихан Мурадов деп айтылууда. Анын аталган банкта бир аз насыясы бар экени белгилүү болду.
Операция учурунда банктын айланасы курчоого алынып, ал жерде атайын күчтөр иштеди. Банктын филиалы жайгашкан үйдүн тургундары батирлеринен чыгарылды.
Мындан мурда банк барымтага алынгандар жалаң алардын кызматкерлери экенин тастыктаган.