Бишкек, "Саясат.kg". 2017-жылы Нью-Йоркто теракт жасоого айыпталган Өзбекстандын жараны Сайфулло Саипов өмүр бою эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу АКШнын Юстиция министрлиги билдирди.

Прокурор айыпталуучу үчүн өлүм жазасын талап кылган, бирок айрым сот арачылары анын мындай өтүнүчүн колдогон жок.

Быйыл 26-январда АКШнын федералдык судьясы Саиповду 2017-жылкы Манхэттендеги терактка күнөөлүү деп таап, өкүм март айында чыгарын билдирген.

2017-жылдын 31-октябрында Саипов Нью-Йоркто веложолдо бараткан адамдарды автоунаасы менен барып сүзгөн. Анда алты чет өлкөлүк турист жана эки америкалык жаран каза болуп, 12 киши жаракат алган. Саипов буга чейинки сот отурумдарында кылганына өкүнбөгөнүн, "болушунча көбүрөөк кишини өлтүрүүнү каалаганын" билдирген. Ал кармалгандан кийин теракт жасоого "Ислам мамлекети" (ИМ) уюмунун видеотасмаларын көрүп таасирленгенин айткан. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти ИМ тобу өзүнө алган.

Адвокаттар сотто Нью-Йорк прокуратурасын Саиповго өлүм жазасын суроо мүмкүндүгүнөн ажыратууну өтүнүшкөн.

Ташкенттик Сайфулло Саипов АКШга 2010-жылы гринкарта менен барган. Анда ал 21 жашта болчу. Алгач Флоридада, кийин Огайодо жана терактка чейин Нью-Жерсидеги Паттерсондо жашаган. АКШдагы тааныштары аны радикал исламчы катары эмес, каржы көйгөйлөрү бар агрессивдүү адам катары мүнөздөшкөн.

Ташкентте Саипов жогорку окуу жайдын каржы бөлүмүн аяктап, жергиликтүү мейманкалардардын биринде эсепчи болуп иштеген.